Президент Садыр Жапаров Кара-Балта шаарынын тургундары менен жолугушууда өлкөдө жаңы мунай иштетүүчү ишканаларды куруу тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жаңы заводдор Токмок шаарында жана өлкөнүн түштүк бөлүгүндө курулат.

Президент мунайды стратегиялык товар катары баса белгилеп, эгерде мындай заводдор курулбаса, Кыргызстан өзүн мунай менен камсыз кыла албай, башка мамлекеттерге көз каранды болуп кала берерин белгиледи.

Заводду кур, фабриканы кур, бизге жумуш бер, бизди Сингапур кыл — деп алты жылдан бери сурап келе жатабыз. Ал эми мен заводдорду жана фабрикаларды көбөйтпөсөм, кантип Сингапур кылам? Заводдор менен фабрикалар иштеши керек.
Садыр Жапаров

Бул маселе Кара-Балта шаарындагы «Джунда» заводунун жанында жашаган бир жарандын экологиялык көйгөйлөрдү көтөргөнүнөн кийин көтөрүлдү. Анын айтымында, заводдордун таасиринен адамдардын гипертония жана аллергиялык оорулары көбөйүүдө.