Мамлекеттик бажы кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Казакстан тарабынан өлкө аймагына дары-дармектерди жана айрым психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү фактысы ачыкталды.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө атайын жабдылган жашыруун бөлүгү бар жүк ташуучу автоунаа колдонулгандыгы аныкталган. Оперативдик-тергөө иштеринин алкагында унаанын ичинен Кыргызстандын аймагында жүгүртүүсү чектөөлүү болгон дары-дармектер жана психотроптук заттар табылган.
Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, бул препараттар Бишкек шаарындагы ири дарыканалар аркылуу сатылууга пландалган экен.
Бул факты боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштеринин алкагында эки кыргызстандык кармалып, алар СИЗО-1 изолятордоруна камакка алынган. Азыркы учурда препараттарды жеткирүү жана сатуу каналдарын аныктоо, ошондой эле кылмыштын башка катышуучуларын издөө боюнча иш-чаралар улантылууда.






