Нарын шаарында жылуулук берүү иштери толук көзөмөл астында. Мэриянын маалыматы боюнча, учурда 30 казанкана аркылуу калкка жана шаардын социалдык-экономикалык тармагындагы объекттерге жылуулук берилет.

Жылуулук берүүдө келип чыккан маселелер өз убагында чечилет. Бардык казанканалардын иши белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө жана шаар мэрибинин катуу көзөмөлүндө турат.

Мындан тышкары, атайын комиссия мезгил-мезгили менен текшерүүлөрдү жүргүзүп турат. Көмүр дагы белгиленген ченемдерге ылайык сатып алынган.