Москва шаарында өткөн ОДКБ саммитинде Россиянын Роспотребнадзор ведомствосунун жетекчиси Анна Попова Владимир Путиндин тапшырмасын аткаруунун алкагында ОДКБга мүчө өлкөлөрдү камтый турган санитардык калкан түзүлүп жатканын малдырды.
Россиянын колдоосу менен мүчө өлкөлөрдө жаңы лабораториялар ачылып, адистердин даярдыгы камсыз кылууга чоң көңүл бурулууда. Бул процесс маалымат алмашууну жана инфекцияларга каршы биргелешкен машыгууларды өткөрүүнү камтыйт.
Дүйнө жүзүндө холера жана чума менен байланыштуу татаал кырдаал байкалууда, Европада ар кандай ысытма оорулардын саны өсүүдө. Бөтөн жерден оорулардын кирип келиши жана жайылуу коркунучу бар, биз аларга каршы турууга даярданып жатабыз.









