Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн депутат Кубанычбек Самаков Энергетика министрлигине бийик тоолуу аймактар үчүн алдыдагы кыш мезгилине электр энергиясын берүүнүн өзгөчө тартибин алдын ала карап чыгууну сунуштады. Нарын облусунда түнкүсүн суук түшө баштаганын ал белгиледи.

Депутаттын айтымында, Нарын облусунун айылдарында көмүр баасы кымбаттап, төмөнкү көрсөткүчтөргө жеткен:

7,5–8,5миң сом
3кВт (мурунку чектөө)
5кВт (акыркы чектөө)

Самаков өткөн жылы электр энергиясына 3 кВт чектөө коюлганын, андан кийин климаттык шарттарды эске алуу менен бул көрсөткүч 5 кВтга көтөрүлгөнүн айтты. Ал Нарын шаарындагы төрт-беш кабаттуу үйлөрдүн тургундарынын баары көмүр менен жылууната албасын, ошондуктан электр энергиясына чектөө коюу маселесин чечүү зарыл экенин белгиледи.

Бул маселени азыр чечүү керек, суук соккондо жана адамдар даттаган учурда эмес.
Кубанычбек Самаков

Эгерде электр энергиясына чектөө коюу зарыл болсо, депутат бийик тоолуу аймактар үчүн өткөн жылдагыдай эле өзүнчө режимди түзүүнү сунуштады.