Нарын шаарынын Матен Сыдыков конушундагы Исхак Раззаков атындагы көчөгө 54 даана заманбап көчө чырагы орнотулуп, ишке киргизилди. Жаңы жарык берүүчү мамылар декоративдик архитектуралык элементтер менен кооздолгон.

Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, бул долбоор "Таза Нарын" муниципалдык ишканасы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылган.

Заманбап үлгүдөгү, архитектуралык дизайндагы бул жаңы чырактар көчөнүн жарыктандырылышын гана эмес, анын эстетикалык жагымдуулугун, ошондой эле түнкүсүн жашоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга багытталган.