УюмЭскерүүлөр: 3

Нарын шаарында Ак-Коргон жана Москва райондорунда сел коркунучун жок кылуу максатында 10 миллион сомдук долбоор ишке ашат. Бул долбоордо 7 көчөдө жаан-чачындыгы суу агымдарын чыгаруу үчүн арык-лотоктор курулуп, суу өткөрүүчү кольцолор орнотулат.

Нарын шаарында ички жана негизги көчөлөрдү оңдоо менен шаарды көрктөндүрүүгө ири иштер жүргүзүлүүдө. Шаардын бюджетинен асфальттоо, көчөлөрдү жарыктандыруу жана санитардык тазалык кармоо үчүн мыкты каражаттар бөлүндү.

Нарын шаарынын Матен Сыдыков конушундагы Исхак Раззаков атындагы көчөгө 54 заманбап көчө чырагы орнотулуп, пайдаланууга берилди. Бул долбоор жергиликтүү бюджеттин каражаты менен ишке ашырылып, көчөнүн көркүн ачуу, жарыктандырууну жакшыртуу жана түнкүсүн жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун арттыруу максатын көздөйт. Ишти "Таза Нарын" муниципалдык ишканасы аткарды.
Бул объект жөнүндө бир нерсе билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир Story ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.