Нарын облусунун Ак-Тала районуна караштуу Кара-Бүргөн айыл аймагынын Ак-Чий жана Кара-Бүргөн айылдарында эки жаңы гараж курулуп, пайдаланууга берилди. Бул имараттар «Кадаң-Майстан» муниципалдык ишканасынын техникаларын сактоо жана тейлөө максатында курулган.

Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберген Руслановдун билдирүүсүнө караганда, жаңы объекттер атайын техникалардын ишин камсыз кылуу үчүн кызмат кылат.

Курулуш иштеринин жүрүшү боюнча маалыматтардын ылайыгында, имараттарды куруу үчүн зарыл болгон курулуш материалдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатып алынган. Ал эми курулуш иштеринин өзү «Кадаң-Майстан» муниципалдык ишканасынын күчү менен жана анын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган.