Министрликтин маалыматы боюнча, уюшкан эмгек миграциясынын алкагында чет өлкөдө ишке орношкон жарандардын саны өсүүдө. Мамлекеттик эмгек менен камсыз кылуу борбору аркылуу 5 317 адам жумушка орношсо, жеке менчик жумуш агенттиктери аркылуу 16 302 киши иш тапкан.
Кайсыл өлкөлөр алдыңкы орунда?
Жеке агенттиктер аркылуу ишке орношкондордун арасында эң популярдуу багыттар — Түркия жана Германия. Министрлик акыркы беш жылда уюшкан эмгек географиясы кеңейгенин, өзгөчө Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Германия менен Болгарияга кеткендердин саны олуттуу өскөнүн белгилейт.
2026-жылдын 9 айында уюшкан эмгек менен чет өлкөгө кеткендер
Европага кызыгуу өсүүдө
Болгарияга жеке агенттиктер аркылуу 2021-жылы 305 кыргызстандык барса, 2025-жылы бул көрсөткүч 2 027ге жеткен. Германияда өткөн жылы 3 012 адам иш тапкан.
Түркия дагы негизги багыттардын бири бойдон калууда. 2021-жылы жеке агенттиктер аркылуу 1 510 жаран Түркияга жөнөтүлсө, 2026-жылдын тогуз айында бул сан 5 694кө жетти.
Улуу Британия уюшкан сезондук жумуштардын эсебинен суроо-талапка ээ бойдон калууда. Өзүнчө багыт — Түштүк Корея, анда кыргызстандыктар EPS мамлекеттик программасы аркылуу ишке орношууда.
Министрлик белгилегендей, бир канал аркылуу ишке орношкондордун санынын азайышы миграция агымынын жалпы төмөндөшүн билдирбейт. Мигранттардын укуктарын коргоо жана маалыматтандыруу багытында иштер уланууда.





















