Бишкек шаарындагы мамлекеттик архитектуралык жана курулуш контролдоо департаменти ОсОО «Император Строй» тарабынан жасалган көп батирлүү 10 кабаттуу үйдү текшерди.

Текшерүүдө Горького көчөсү, 72, 72а жана Гвардейская көчөсү, 13, 13а даректеринде жайгашкан имарат каралды.

Мурда ушул объект боюнча «Проектирлөө жана курулуштун процесстерин айкалыштыруу жөнүндө» буйрук күчүн жоготкондон соң архитектуралык уруксат кагаздары кайрадан расмий түрдө ишке ашырылган.

Бул текшерүүнүн жыйынтыгы менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине ОсОО «Император Строй» компаниясын кара тизмеге киргизүү сунушталды.