Бишкек шаарындагы Севастопольская көчөсү, 7 дарегинде 14-кабаттуу үйдүн курулушунда министрлик тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө кооптуу мыйзам бузуулар аныкталды.

Өнөр жай министрлигинин билдирүүсү боюнча, 7-кабатта орнотулган арматуранын коргоочу катмары долбоордук нормаларга ылайык келбей, бул имараттын бекемдиги менен коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн.

Застройщик катары эсептелген "Инком системс" жоопкерчилиги чектелген коомунун 200 миң сом өлчөмүндө айып салынып, аны аныкталган мыйзам бузууларды жоюуга милдеттендирилди.