Баткен шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Lexus LX 570 маркасындагы унааны текшерүү үчүн токтотушкан. Turmush булагынын билдиргендиги боюнча, текшерүү учурунда айдоочудан спирт ичимдигинин жыты чыккан.

Ушул себептен улам айдоочу медициналык (наркологиялык) текшерүүдөн өтүүгө жөнөтүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал спирт ичимдиктерин ичкендиги тастыкталган.

80 000 сом айып пул

Алкоголь абалында унаа айдагандыгы үчүн белгиленген жаза

Мыйзам талаптарына ылайык, транспорт каражатын мас абалында башкаруу үчүн айдоочуга айып пул салынып, унаа айдоочулук укугу эки жылга чектөөгө алынат. Ал эми Lexus LX 570 унаасы айып пул токтотуучу жайга эвакуацияланган.