Бишкек шаарында Чүй узун каналынын жээктерин чыңдоо иштери улантылууда. Каналдын жээктерин бузулуп кетүүдөн коргоонун жаны менен, анын боюна сейилдөөчү аймак түзүү, жолдорду асфальттоо жана аймакты жашылдандыруу пландалууда. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иштер Орозбеков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкта жүрүп жатат. Учурда долбоордун узундугу 800 метр болгон биринчи этабы ишке ашырылууда. Каналдын эки тарабынан тең жээктери бекемделет. Алардын андан аркы бузулушун алдын алуу үчүн үч ярустуу атайын габиондук конструкциялар орнотулуп жатат.

Иштерди аткаруучу тарап катары «Бай-Таш Групп» ЖЧКсы чыгып келет. Жумуштар аяктагандан кийин бул аймак шаардыктар үчүн сейилдөөгө жана эс алууга ыңгайлуу коомдук мейкиндикке айланат.

21-ноябрда Бишкек мэри, Айбек Джунушалиев иштин жүрүшүн текшерди. Ал подряддык уюмга курулуштун сапатын жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоону камсыз кылууну тапшырды.

Эмне белгилүү

  • Иштин узундугу: 800 метр
  • Жасалып жаткан конструкция: 3 ярусдуу габиондор

Азырынча белгисиз

  • Долбоордун баасы
  • Аяктаган мөөнөтү