Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстандын курулуш уюмдары 2025-жылы өз күчү менен 294,5 млрд сомдук подряддык иштерди аткарышкан. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 23%га, ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 2,3 эсеге көбөйгөн.

Подряддык иштердин динамикасы

294,5 млрдсом, 2025-жылы аткарылган иштер
+23%2024-жылга салыштырмалуу өсүү
2,3 эсе2021-жылга салыштырмалуу өсүү

Республика боюнча жалпысынан 1640 курулуш уюму иш алып барган, алардын 99%ын чакан жана орто ишканалар түзөт.

Подряддык иштердин структурасында 2024-жылга салыштырмалуу жаңы курулуш, реконструкциялоо, кеңейтүү жана техникалык жактан кайра жабдуу үлүшү 3,1 пайыздык пунктка өскөн. Ал эми капиталдык жана учурдагы оңдоонун үлүшү 2,8 пайыздык пунктка кыскарган.

Иштердин аймактык бөлүштүрүлүшү

Негизги көлөм республиканын төрт аймагында топтолгон: Бишкек шаары — 52,1%, Жалал-Абад облусу — 14,3%, Ош шаары — 10,4%, Чүй облусу — 8,7%. Демек, бул төрт аймакка өлкөдөгү жалпы подряддык иштердин 85,5%ы туура келген.

Подряддык иштердин аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү

52,1%Бишкек шаары
14,3%Жалал-Абад облусу
10,4%Ош шаары
8,7%Чүй облусу

Бишкек шаарындагы курулуш уюмдарына өлкөдөгү жалпы аткарылган иштердин жарымынан көбү туура келген.