Депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген жаңы мыйзам долбооруна ылайык, курулуш компаниялары кесилген дарактардын ордуна беш дарак отургузуулары керек болот. Отургузулган өсүмдүктөрдү үч жыл бою кароо милдеттендирилет, ал эми аларды кайсы жерге отургузууну жергиликтүү бийлик органдары аныктайт.

СторисКесилген дарактын ордуна беш дарак отургузулатСлайддар: 8
  1. Кесилген дарактын ордуна беш дарак отургузулат
  2. Жаңы мыйзам долбоору. Курулуш компаниялары кесилген ар бир дарактын ордуна беш дарак отургузуп, аларды үч жыл бою кам көрүүгө милдеттендирилет.
  3. 5 дарак — кесилген бир дарактын ордуна отургузулушу керек
  4. 3 жыл — жаңы отургузулган өсүмдүктөрдү кам көрүү мөөнөтү
  5. Жашыл аймактардын азайышы: Ататүрк паркы: 110 гектардан 50 гектар чейин; Карагач токою: 120–130 гектардан 70 гектар чейин
  6. Сунушталган норма. Жаңы мыйзам боюнча ар бир жаранга кеминде 14 чарчы метр жашыл аймак камсыз кылуу сунушталууда.
  7. «Жашылдандыруу жерде гана эмес, имараттардын чатырында да болушу керек.» — Дастан Бекешев
  8. Кийинки кадамдар. Жергиликтүү бийлик органдары эки жылдын ичинде бардык дарактарды инвентаризациялоо жана электрондук база түзүүгө милдеттүү болот.

Мыйзам долбоорунда жергиликтүү бийлик органдарына эки жылдын ичинде бардык дарактарды инвентаризациялоо жана алардын электрондук базасын түзүү милдети жүктөлөт. Ошондой эле, ар бир жаранга кеминде 14 чарчы метр жашыл аймак камсыз кылуу сунушталууда.

Советтик мезгилде бир адамга 22 чарчы метр жашыл аймак туура келчү. Тилекке каршы, азыр биз мындай көрсөткүчкө жете албай турабыз. Кеминде 14 чарчы метрге жетүү жакшы болот. Жашылдандыруу жерде гана эмес, имараттардын чатырында да болушу керек.
Дастан Бекешев, демилгечи

Депутат Мирлан Жээнчороев бул демилгени колдоп, Бишкек шаарындагы жашыл зоналардын азайып жаткандыгына көңүл бурду. Анын маалыматы боюнча, Ататүрк атындагы парктын аянты 110 гектардан 50 гектарга чейин, ал эми Карагач токоюнун аянты 120–130 гектардан 70 гектарга чейин кыскарган.

Жашыл аймактардын көрсөткүчтөрү

6бүгүнкү күндөгү чарчы метр (Бишкек шаарындагы бир жаранга)
14сунушталган чарчы метр (бир жаранга)

«Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, учурда борбор шаардын бир тургунуна болжол менен 6 чарчы метр жашыл аймак туура келет. Министрлер Кабинети мыйзам долбоорун жалпысынан колдоду, ал эми Жогорку Кеңештин комитети аны биринчи окууда жактырды.