Президент Садыр Жапаров Москов районунун тургундары менен жолугушууда «Баластан» билим берүү комплексинин имараты боюнча талашты чечип, аны ишкер Гулсаадат Мендигуловага кайтарып берүү керектигин белгиледи.

Жолугушуу учурунда ишкер Гулсаадат Мендигулова өзүнүн Беловодское айылындагы «Баластан» комплексинин имараты боюнча келип чыккан көйгөйдү президентке айтып берген. Ал бул комплексти 10 жылдан бери жетектеп келе жатканын билдирди.

Комплекстеги көрсөткүчтөр

400бала
40кызматкер

Ишкердин айтымында, ал имаратты 2016-жылы 100 миң доллар үчүн начар абалда сатып алган жана андан кийин өз каражаты менен оңдоп, ишке киргизген. Бирок прокуратура бул имаратты мамлекетке кайтаруу боюнча сотко доо арыз берген. Биринчи инстанциянын соту имаратты мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгарган, ал эми ишкер бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу менен кайрылган.

Мындан тышкары, Мендигулованын бала бакча куруу боюнча дагы бир долбоору жана инвестору бар экени белгиленди. Бирок жер участогу камакка алынганы үчүн ал курулуш иштерин баштай албай жатат.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева бул жер участогу маселе боюнча министрликтин доосу жок экенин билдирди. Ал жер участогу мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык болгонун, кийинчерээк ишкердин менчигине өткөнүн тактады.