Бишкек шаарында өткөн «Кыргыз Республикасынын жашыл энергетикасы: илимди, инновацияларды жана инвестицияларды өнүктүрүү» форумунда GIZдин Кыргызстандагы долбоор координатору Ася Чатоева энергетика тармагындагы жаңы кадамдар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, долбоордун алкагында төрт кесиптик стандарт жана тармактык квалификациялар рамкасы иштелип чыгат.
Долбоор 2028-жылдын июлуна чейин Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүндө ишке ашырылат. Бул багыттардын ичинен энергетика (жаңартылуучу энергия булактары, энергиянын натыйжалуулугу, электромобилдүүлүк), суу ресурстарын башкаруу жана таштандыларды башкаруу сыяктуу негизги багыттарды камтыйт.
Кыргызстанда бул иштерде Эмгек министрлиги жана Жогорку билим берүү министрлиги өнөктөш катары чыгат. Адистер профилдик министрликтер үчүн «жашыл» көндүмдөрдүн методологиясын иштеп чыгып, кызматкерлерди окутууну уюштурушат. Ошондой эле энергетика тармагындагы колдонмо изилдөөлөрдүн фонду ачылат.
Ася Чатоеванын белгилегендей, учурдагы окуу программалары эскирип, эмгек рыногунун талаптарына жооп бербей жатат. Бүтүрүүчүлөрдө практикалык тажрыйба жетишпейт жана стратегиялар менен адамдык капиталдын ортосунда айырмачылык бар.










