Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токоновдун маалыматы боюнча, өлкө боюнча мамлекеттик мүлктүн реестринде 9,5 миңге жакын объект катталган. Бул көрсөткүч масштабдуу инвентаризациялоо иштеринин натыйжасы болгон.

Эгерде кандайдыр бир объект натыйжасыз колдонулуп жатса, биз аны кайра тартып алабыз жана мүмкүнчүлүккө жараша аукционга чыгарабыз.
Бексултан Токонов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору

Мурда мүлктөрдүн саны 12 миңге жакын болчу. Инвентаризация учурунда бир жерде бир нече объект, анын ичинде чарбалык имараттар жайгашкан учурлар болгон. Алардын ар биринин идентификациялык коддору ар башка болгон. Агенттиктин жетекчиси аларды бирдиктүү идентификациялык коддун астына бириктирип, оптималдаштыруу иштерин жүргүзгөн.

Мүлктөрдүн бөлүштүрүлүшү

1927мамлекеттик менчикке алынган объект
15%сатылды
25%иш оперативдүү башкарууга берилди
60%министрликтерге жана ведомстволорго берилди

2021-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдүн 1927 объектиси мамлекеттин менчигине алынган. Мүлктү натыйжасыз пайдаланган учурда, тиешелүү органдын жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат деп белгиледи Токонов.

Эгерде кандайдыр бир объект натыйжасыз колдонулуп жатса, аны кайра тартып алып, мүмкүнчүлүккө жараша аукционга чыгаруу пландалууда. Мүлктү ижарага берүү же сатуу иштери электрондук платформа аркылуу жүргүзүлөт, бул адамдык факторду жоюп, каражаттардын түз бюджетке түшүүсүн камсыз кылат.