Бишкек шаарында электр энергиясын керектөө өтө жогорулап жаткандыгы боюнча маалыматтар айтылууда. Бишкек электр тармактар ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы Айгүл Буланованын билдирүүсүнө караганда, шаарда суткалык керектөө өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млн 654 миң кВт саатка өстү.
Октябрь айынын аягында борбор калаада электр энергиясын суткалык колдонуу 14 млн 310 миң кВт саатты түздү. Бул көрсөткүч күндөрдүн суукташы жана калктын электр жылытуучу шаймандарды көбүрөөк колдонуусу менен түшүндүрүлөт.
Бишкектеги көрсөткүчтөр
Айгүл Буланованын айтымында, энергияны керектөөнүн мындай өсүшү мурда, атүгүл кыш мезгилинде да байкалган эмес. Күндөрдүн суукташына кошумча катары, шаардын калкынын санынын өсүшү жана жыл сайын миңдеген жаңы абоненттердин кошулушу да бул процесске таасир этүүдө.
Мындан тышкары, республика боюнча жүздөгөн жаңы ишканалардын ачылышы да электр энергиясына болгон суроо-талапты арттырууга себеп болууда. Бул жагдай электр тармактарына, трансформаторлорго жана башка жабдууларга күч келтирүүдө.
Күн сууктагандыктан суткалык керектөө 34 пайызга өстү. Мындай көрсөткүчтөр кыш мезгилинде да болгон эмес.
Эскерте кетсек, 27-октябрда Кыргызстандын энергетикалык тутумунда суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетип, күз мезгилинин эң жогорку көрсөткүчү катары катталган.










