Кара-Балта шаарында 9-октябрда Гвардейская көчөсүндө жол-транспорт кырсыгы болуп, темир-бетон мамы жабыркады.
Маалыматка караганда, кырсык болгон учурду бир айдоочунун видеорегистратору тартып алган. Ал айдоочунун айтымында, ал токтоп, унаанын рулунда отурган аялга унаадан чыгууга жардам берген. Жардамга башка айдоочулар да кошулган.
Күбөнүн алдын ала айтымында, айдоочу аял мобилдик телефонго алаксып кетиши мүмкүн. Бирок кырсыктын себебин ырастаган расмий маалымат азырынча жок.








