Президент Садыр Жапаров "Маданият жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул документ мамлекеттик маданий саясатынын багыттарын кеңейтип, чыгармачылык буйрутмаларды берүүнүн жаңы тартибин тактайт.

Эми мамлекеттик органдар, жергиликтүү башкаруу мекемелери, ошондой эле башка уюмдар жеке жана юридикалык жактарга кыргыз тарыхына, тилине, улуттук жана жалпы дүйнөлүк баалуулуктарга арналган драмалык, музыка, адабий, көркөм жана кинематографиялык чыгармаларды түзүүнү тапшырса болот.

  • Маданият тармагында заманбап технологияларды киргизүү жана изилдөөлөрдү жүргүзүү
  • Драмалык, музыкалык, адабий, сүрөт жана кино чыгармаларын мамлекеттик буйрутма аркылуу түзүү
  • Кыргыз тилинин өнүгүүсүн жана тарыхын чагылдырган чыгармаларды түзүү
  • Айкелдерди жана көркөм сүрөт чыгармаларды заказ кылуу

Мыйзамда эл аралык маданий алмашуунун багыттары да кеңейтилди. Ага улуттук жана тарыхый маданий борборлорду түзүү, адистерди окутуу жана стажировкадан өткөрүү, биргелешкен маданий чыгармачылыктарды жараттоо, эстеликтерди реставрациялоо, фестивальдарды, выставкаларды, гастролдорду жана Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү кирет.

Маданият уюмдары чет өлкөлүк жарандары жана компаниялары менен өз алдынча келишимдер түзүүгө, ошондой эле эл аралык уюмдар менен фонддордо иштөөгө укукту болушат.

Жаңы мыйзам он күндөн кийин күчүнө кирет.