Кара-Балтада арашан тукумундагы койлорду багуучу ышкыбоздор арасында мини-футбол боюнча «Ынтымак» турнири өттү. Бул тууралуу Жайыл районундагы кой чарбачылар коомчулугунун координатору Улан Успеков билдирди.

Анын айтымында, турнир арашан тукумундагы койлорду багууга кызыккан жети команданын катышуусунда өттү. Иш-чара «Ынтымак» деп аталып, достук жолугушуу форматында уюштурулду. Катышуучулар көргөзмөлөрдө жана жыйындарда дайыма жолугушуп, тажрыйба алмашып, өз ара байланыштарын бекемдеп турушат.

Кой чарбачылардын бирикмеси 2018-жылы түзүлө баштаган, ал эми 2019-жылдан тарта ишмердүүлүгү жигердүү өнүгө баштаган. Ушул мезгилде кыргыздын «арашан» тукуму чыгарылган. Бүгүнкү күндө Жайыл, Москва жана Панфилов райондорунда арашан койлорун багууга кызыккан 100гө жакын чарбачы бар. Мындай футбол турнири буга чейин Панфилов районунда өткөрүлгөн. Эстафета Жайыл районуна өткөн.
Улан Успеков, Жайыл районундагы кой чарбачылар коомчулугунун координатору

Келечектеги пландар

Улан Успековдун айтымында, катышуучулар келечекте өз командалары арасында көк-бөрү боюнча мелдештерди уюштурууну пландап жатышат.