Бул тууралуу 13-октябрда Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында министрдин биринчи орун басары Марсбек уулу Иличбек билдирди.
Анын айтымында, министрлик өзүнүн мал бордоочу аянтчаларын уюштурган. Ал жактан чыккан этти 680 сомдон саткан пилоттук түйүндөр жакшы натыйжа көрсөткөн. Учурда дагы 30 түйүнгө тендер жарыяланган.
Депутат Айсаракан Абдибаева антимонополиялык кызмат жеке сатуучуларга 770 сомдон баа белгилегенин сурады, ал эми министрлик этти 680 сомдон сатат. Министрдин орун басары 770 сом антимонополиялык кызматтын жеке сатуучуларга берген сунушу экенин түшүндүрдү.
Эт сатуучу түйүндөр








