Бишкекте эттин баасын төмөндөтүү максатында пилоттук режимде 10 фудтрак ишке киргизилди. Аларда эт 680 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министр Эрлист Акунбеков билдирди.
Министрдин айтымында, Россиядан ташылып келинген мал транспорттук чыгымдарды эске алганда да орточо рыноктук баадан арзан сатылууда. Натыйжада малдын баасы бир аз төмөндөдү.
Бул чаралардын эсебинен эттин дагы арзандашын күтөбүз. Антимонополдук жөнгө салуу кызматы эттин максималдуу баасын 770 сомдон ашпоого чечим кабыл алды.
Ошол эле учурда министр бааны төмөндөтүүдө керектөөчүлөрдүн гана эмес, мал чарбачылыгы менен алектенген дыйкандардын да абалын эске алуу зарылдыгын белгиледи.
«Эттин баасын түшүрүп, шаардыктарга шарт түзүү менен дыйкандарга кыйынчылык жаратышыбыз мүмкүн. Ошондуктан малдын наркы төмөндөшү үчүн, биринчи кезекте тоюттун баасын арзандатуу керек. Бул багытта иштер жүрүп жатат. Мындан тышкары, жеңилдетилген насыялоонун эки багыты каралган, алардын алкагында мүмкүнчүлүккө жараша каржылоо жүргүзүлүүдө», — деди ал.
Министрдин маалыматы боюнча, эттин баасын жөнгө салуу иштеринин алкагында товардык интервенциялар жана жеңилдетилген насыялоо чаралары да каралган.
Негизги көрсөткүчтөр








