Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, өткөн жума ичинде уй этин жана кой этин арзан баада жеткирип берүү максатында 106 келишим түзүлдү. Аталган иштерди акимдиктер жана монополияга каршы жөнгө салуу кызматы биргелешип ишке ашырышты.

598рейддин саны
6протокол
56 000айып пул (сом)

2025-жылдын август айынан тарта эттин баасын текшерүү боюнча жалпы 598 рейд өткөрүлдү. Алардын ичинде белгиленген баадан ашыкча саткандыгы үчүн 6 административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 56 миң сомду түздү.

Текшерүүлөр кайсы жерлерде өттү?

Текшерүү иштери шаардын ар кайсы райондорундагы чоң базарларда катталды. Мисалы, Свердлов районунда 250 рейд жүргүзүлсө, башка райондордо төмөнкү базарлар текшерилди:

  • Октябрь районундагы «Орто-Сай» базары
  • Первомай районундагы «Алтын Така», «Сары-Озон» жана «Азиз» базарлары
  • Ленин районундагы «Ош» базары

Рейддерге акимдиктердин кызматкерлери, ветеринардык кызмат, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктары жана жергиликтүү мамлекеттик бирикмелердин өкүлдөрү катышып келүүдө.