Turmush басылмасынын «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Сыймык Шамуратов менен Диана Шерова болду. Алар коомдук тартипти камсыздоого, кылмыштуулуктун алдын алууга жана жарандардын коопсуздугун коргоого өз салымын кошуп келишет.
Сыймыкбек Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматында ыкчам уполномочен болуп эмгектенет. Диана болсо Андарак айылдык милиция бөлүмчөсүндө жашы жете электер менен иштөө инспектору кызматын аркалайт. Быйыл алардын үйлөнгөнүнө үч жыл толду.
Диана Шерова кызматта кыйынчылыктар болбогонун айтууга болбой турганын белгиледи. Иш графиги туруксуз болушу мүмкүн: аба ырайына карабай, аял экениңе карабай, түн ичинде чакырууларга чыгууга туура келет. Бирок ар кандай кесиптин өз кыйынчылыктары жана жоопкерчилиги бар экенин кошумчалады.
Экөө тең милицияда кызмат өтөгөндүктөн, иштин өзгөчөлүгүн жакшы түшүнүшөт, бири-бирин колдоп, кызматты үй-бүлөлүк жашоо менен айкалыштырып, кыйынчылыктарды жеңүү анчалык деле оор эмес. Диана үчүн кызматтык милдеттерди жана тиричилик түйшүктөрүн бир эле учурда алып баруу адатка айланган.
Белгилей кетсек, 1-ноябрда Кыргызстанда кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы белгиленди.

























