Раззаков шаарынын Ак-Босого айылындагы административдик участок №13те кызмат кыла турган эки милиция кызматкери Мусабек Эргешов жана анын жубайы Бегимай Кадырова бир үйдө жашап иштешет.
Мусабек Эргешов — участковый уполномоченный, ал милицияда 2018-жылдан бери эмгектенет. Жубайы Бегимай Кадырова болсо балдардын иштери боюнча инспектор, экөө тең старший лейтенант да.
Алар кызмат учурунда таанышып, 2025-жылы сентябрда үйлөнүшкөн. Ал жылдын өзүндө Ак-Босого айылында жаңы административдик участок курулуп, анын бир бөлүгү иш үчүн, экинчи бөлүгү турак жай катары колдонулат.
Азыркы учурда үч адам — жубайлар жана алардын бир баласы бирге жашайт. Жубайлар бир кесипти тандап, бири-бирин жакшы түшүнүүдө жана колдоп келишет.
Административдик участоктун ичинде жайгашкан турак жай алардын үй-бүлөлүк турмушун жеңилдетип, мурдагы күнүмдүк татаалчылыктарды азайткан.











