Кызыл-Кыя шаарындагы жаңы жашаган аймактын тургундары таза суу маселесин өз алдынча чечти. «Пост ГАИ» конушунун жашоочулары ашара ыкмасы менен суу түтүгүн тартуу иштерин жүргүзүштү.
Тартылган суу түтүгү жалпы узундугу 1,7 километрди түзөт. Курулуш материалдарын жана түтүктөрдү жергиликтүү тургундар өз чөнтөгүнөн сатып алышкан. Ал эми техникалык монтаждоо жана орнотуу иштерин «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы аткарып берди.











