Кыргызстан Германияга авиакаттамдарды уюштуруу үчүн чет элдик авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Берлинге учуу боюнча макулдашуулар кол коюлганын «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Берлин аэропорту бизге слотторду берди, каттамды ачуу боюнча макулдашууну кол койдук. Учурда чет элдик ташуучулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, анткени биздин авиакомпанияларыбыздын Европага уча турган учактары азырынча жок.
Самидиновдун айтымында, келечектеги авиакаттамдар жумасына эки-үч жолу ишке ашырылат. Бул багыт боюнча мурда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Данияр Бостонов Берлинге жана Франкфурт-на-Майнеге каттамдар 2027-жылдын аягынан эрте ишке ашпай турганын айткан болчу.














