Баткен облусундагы дарыгерлердин жетишсиздиги өткөн жылдагы көрсөткүч менен салыштырмалуу азайган, бирок адистердин тартыштыгы дагы деле олуттуу бойдон калууда. Азыркы учурда аймакта 100 дарыгер жетишпей жатат. Бул тууралуу Баткен облусундагы Саламаттык сактоо министрлигинин координатору Арзыбек Борубеков билдирди.

Координатордун айтымында, өткөн жылы 130 дарыгер жетишпесе, быйыл бул көрсөткүч 30га азайган. Эң чоң тартыштык Кадамжай районунда байкалууда, ал жерде 36 адис жетишпей жатат.

Облустук көрсөткүчтөр

1186,5жалпы штаттык бирдиктер
1111,5ээленген ставкалар
951иштеген дарыгерлер
75бош турган ставкалар

Райондор боюнча дарыгерлердин жетишсиздиги

Эң көп жетишпей жаткан адистиктер

  • Үй-бүлөлүк дарыгер — 20
  • Реаниматолог — 10
  • Терапевт — 10
  • Неонатолог — 7
  • Педиатр — 5
  • Хирург-травматолог — 4
  • Эпидемиолог — 4
  • Акушер-гинеколог — 3
  • Психиатр — 3
  • Судмедэксперт — 3
  • Окулист — 3

Ушул жылдын ал девять айында облуска 169 дарыгер жумушка алынган, бирок 130 дарыгердин иштен кеткени адистердин тартыштыгын толук жапкан жок. Кээ бир айылдык ооруканаларда жана ФАПтарда дарыгерлердин жоктугунан жарандар чектеш райондорго же шаарларга кайрылууга мажбур болушууда.