Кара-Жыгач конушунун тургундары үчүн таза суу маселеси бир нече жылдан бери чечилбей келе жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун жашоочулары менен жолугушууда билди.
Жолугушууда жергиликтүү тургундардын бири «АРИС» программасынын алкагында мурда суу эсептегичтер орнотулуп, түтүктөр тартылганын, бирок убакыттын өтүшү менен жабдуулар иштен чыгып, суу берүү токтогонун айтты.
Президент Садыр Жапаров бул программанын алкагындагы долбоорлор мурда тартипсиз ишке ашырылганын белгилеп, профилдик министрликке кырдаалды иликтеп, суу менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.












