Жумгал районунун аймагында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында мыйзамсыз бетон заводунун курулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Текшерүү учурунда объекттин архитектуралык-пландаштыруу, уруксат берүүчү жана долбоорлоо-сметалык документтери жок экендиги белгиленди. Бул «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Мыйзамдын талаптарын одоно бузуу болуп саналат.

Мындан тышкары, бетон заводу курулуштун бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталбай иштеп жаткан. Бул мыйзамсыз ишмердүүлүктүн дагы бир белгиси болду.

200 000 сом айып пул

«Ж энд Б Универсал Сервис» ЖЧКсына салынган айып пул

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча «Ж энд Б Универсал Сервис» ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөр берилди.