Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстанды туташтыруучу темир жол магистралдын курулушу жаңы этапка — активдүү баскычка өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Жакында министрликте Кытай мамлекеттик темир жол корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Анда долбоордун жүрүшү жана кийинки курулуш этаптары талкууланды. Жолугушууга министрликтин башчысынын орун басары Алмаз Тургунбаев жана кытайлык Ван Цзиньси катышты.
Кыргыз тарап курулушта жергиликтүү адистердин тартылышын, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн материалдары колдонулушу жана экологиялык стандарттар сакталышын белгиледи. Тараптар долбоордун жогорку ачык-айкындуулугун камсыздоо зарылдыгына көңүл бурушуп, аны белгиленген мөөнөттө бүтүрүү үчүн бирге иштөөнү улантууга макулдашты.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы темир жол Кыргызстандын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, экономикалык байланыштарды бекемдейт жана транзиттик потенциалын жогорулатат.
Бул темир жол Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан инфраструктуралык долбоорлорунун эң ири долбоору катары эсептелет. Жалпы узундугу болжол менен 480 километрди түзөт, анын ичинен 304 километрден ашыгы Кыргызстан аймагынан өтөт.
2024-жылдын декабрь айынын аягында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров долбоорду куруу үчүн капсула салуу аземине катышкан.










