Бишкек шаарында ОсОО «КытайКыргызстанӨзбекстан темир жол компаниясы»нын 5-чакырылышы жана директорлор кеңешинин 5-жыйыны өттү. Анда компаниянын акция ээлери жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Жыйында «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун ишке ашырылышынын негизги маселелери каралып, 2025-жылдагы иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга иштин негизги багыттары аныкталды.

Иш-аракеттердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, эл аралык корпоративдик башкаруу стандарттарын сактоо, экологиялык коопсуздук жана социалдык жоопкерчилик маселелери өзгөчө көңүлгө алынды.

Андан сырткары, катышуучулар жана акция ээлери «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушунда добросовесттикти камсыздоо демилгесин колдошту. Бул документ долбоордун ачык, мыйзамдуу жана коррупциясыз жүрүшүн бекемдөөгө багытталган.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Темир жол улуттук компаниясынын биринчи орун басары Роман Спасский долбоордун натыйжалуу ишке ашырылышын жогорулатууга багытталган бир катар маселелерди жана сунуштарды билдирди.