Данияр Амангелдиевдин айтымында, учурда заводго бир катар инвесторлор келип, шарттарды изилдеп жатышат. Экономика министрлигинин алдында атайын жумушчу топ иш алып барууда.
Завод үчүн салык кодекси боюнча бир катар жеңилдиктер каралган. Бул аптанын аягында Экономика министрлигинин адистери Кытайга учуп кетишет.
Кытайлык инвестор азыр ишмердүүлүктү баштоого даяр экенин билдирип жатат. Алар шарттарды, заводдун өзүн изилдеп, андан кийин Министрлер Кабинетинин төрагасына баяндап беришет
Депутат Талант Маматов үч жылдан бери заводго бир дагы инвестор тарта албай жаткандыгын сындады. Ал инвестиция тартууга жооптуу кызматкерлердин ишине көңүл бурууну суранды.
Маматов учурда бул маселени президент көзөмөлгө алганын жана жыйынтыкка жете албаган кызматкерлерди алмаштыруу зарылдыгын белгиледи.










