Майлуу-Сууйдагы лампа заводунун иши токтотулганын жана анын негизинде индустриалдык парк түзүлүп жатканын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Бул маалыматты 16-ноябрда Жогорку Кеңештин өнөр жай саясаты, транспорт, ТЭК, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Искендер Асылкулов айтты.
Майлуу-Сууйдагы лампа заводу токтотулду: анын ордуна заманбап продукция чыгаруу пландалууда
Майлуу-Сууйдагы лампа заводу ишинен токтотулган, бирок анын базасында заманбап лампаларды чыгаруучу индустриалдык парк түзүлөт. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы өндүрүш линиялары жаңы жумуш орундарын түзөт.