Парламенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, комитет индустриалдык парктерди түзүү жана аларды өнүктүрүү жагынан мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалыматты карап чыкты.

Маалыматты Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Искендер Асылкулов депутаттарга сунуштады.

Анын айтымында, 2024-жылдын 23-июлунда кабыл алынган мыйзам индустриалдык парктерди өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, өндүрүштүк инфраструктураны түзүү жана өнөр жай ишканаларын жайгаштыруу үчүн укуктук жана уюштуруу шарттарын түзүүгө багытталган. Ошондой эле ал бир катар долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү боюнча депутаттарды кабардар кылды.

Талкуу учурунда депутат Улугбек Ормонов «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКнын ишин кайра калыбына келтирүү, өндүрүш процесстерин калыбына келтирүү жана продукцияны сатуу үчүн кандай конкреттүү чаралар көрүлүп жатканын сурады.

Ал эми депутат Эркинбек Искеналиев ички рынокту гипсокартон менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү. Курулуш тармагындагы активдүү темптарды эске алуу менен, ал курулуш тармагынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өндүрүштүк кубаттуулукту өнүктүрүүнү сунуштады.

Жыйынтынды боюнча комитет берилген маалыматты эске алды.