Бишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунда «Жаратман МУУН – 2026» жаштар форуму болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев, Билим берүү, илим жана инновациялар министри Гульзат Исаматова, студенттер жана окутуучулар катышты.

Форумдун алкагында «Орус үйү» тарабынан Россиянын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталды. Россотрудничество берген маалыматка ылайык, окуучулар жана студенттер Россиянын университеттерине квота аркылуу кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Россотрудничество Кыргызстандагы билим берүү долбоорлорунун куратору Павел Гультяевдин билдирүүсүнө караганда, квоталык программага болжол менен 450 Россиялык жогорку окуу жайлары кирген. Бул программа акысыз окууну жана стипендия төлөөнү камтыйт.

Квота боюнча маалымат

450жогорку окуу жайлары
онлайнөтүү тартиби

Абитуриенттер гуманитардык, инженердик-техникалык жана медициналык багыттарды тандаса болот. Ошондой эле бакалавриат, специалитет, магистратура жана аспирантура деңгээлдеринде билим алууга мүмкүнчүлүк бар. Павел Гультяев белгилегендей, квота аркылуу окууга кирүү процедурасы онлайн форматта өтөт, ошондуктан абитуриенттерге башка жерге чыгуунун зарылчылыгы жок.

Жакынкы арада квота боюнча окуу үчүн билдирмелерди кабыл алуу башталат. Тиешелүү маалыматтар Бишкек жана Ош шаарларындагы «Орус үйүнүн» социалдык тармактарында жарыяланат.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет тарабынан жаштарды колдоо чаралары, анын ичинде жеткиликтүү жогорку билимди өнүктүрүү, билим берүү кредиттеринин системасы жана студенттердин мобилдүүлүгүн арттыруу маселелери талкууланды.