Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы браконьерчиликти алдын алуу жана суудагы биологиялык ресурстарды коргоо боюнча иш-чараларды өткөрдү.
Ысык-Көл районунун Чон-Оруктуу айылынын аймагында жүргүзүлгөн рейддин учурунда көлдүн суусунан таштандылар жана балык уулоого колдонулган эски торлор табылды.
Сууда калтырылган синтетикалык торлор балыктар үчүн жана башка суудагы жандыктар үчүн чоң коркунуч туудурат. Мындай калдыктар көлдүн экосистемасына терс таасирин тийгизет.
Экологиялык абалды сактоо, суудагы биологиялык ресурстарды коргоо жана балыкты мыйзамсыз уулоонун алдын алуу боюнча иш-чаралар улантыла берет.













