Октябрь районунун башчысы Жолдошбек Чуштуковдун башкаруусу астында өткөн жыйындын негизги максаты — үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана коргоо жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө болду.
Кеңешме учурунда райондук ички иштер башкармалыгынын, райондук прокуратуранын, пробация бөлүмүнүн, билим берүү башкармалыгынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилери жана саламаттыкты сактоо системасынын өкүлдөрү өз докладтары менен чыгыш кылышты. Алар жүргүзүлгөн иштер жана жетишилген натыйжалар тууралуу маалымат беришти.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча жооптуу кызматтарга зомбулук фактыларына өз убагында реакция кылуу, мекемелер аралык кызматташтыкты күчөтүү жана жабырлануучуларды коргоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү тапшырылды.
Аймактын тиешелүү кызматтары үчүн жарандардын укуктарын коргоо жана ар бир үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыз кылуу биргелешкен иштин маанилүү багыты болуп саналат.








