Бишкек шаарындагы Улуттук филармониянын сахнасында дүйнөгө белгилүү болгон «Юнона жана Авось» рок-операсы коюлуп жатат. Бул чыгарма көптөгөн өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн орун алган легендардуу постановка болуп саналат.

Сюжет Николай Резанов менен Кончитанын ортосундагы терең махабат окуясын баяндайт. Бул чыгарма Россияны гана эмес, АКШны жана Европа өлкөлөрүнүн көрүүчүлөрүн да өзүнө тартып, чоң популярдуулукка ээ болгон.