Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында карыган жарандардын бош убактысын кантип ар түрдүү кылуу пландалып жатканын айтып берди.
Жаңы долбоорду 2027-жылдын мартында ишке ашыруу жана октябрь айынын аягына чейин узартуу пландалууда. Учурда шаардык мэриялар менен тиешелүү имараттарды бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Социалдык фонд бул имараттарды оңдоп-түзөп, шахмат, теннис жана йога менен алектенүү үчүн жабдыктар менен камсыз кылат.
Мындан тышкары, пенсионерлердин эс алуусу үчүн жаңы инфраструктура түзүү максаты коюлган.
Мындан тышкары, пенсионерлер кесиптик бирлик аркылуу санаторияларга бара алышпайт. Ошондуктан биз биринчи этапта Ысык-Көлгө жана Ош шаарына карылар үчүн пансионаттарды курууну пландап жатабыз. Бул демилгени Министрлер Кабинетинин төрагасы колдоду.













