Түркиянын Дериндже шаарында Кыргызстан менен Россиянын жаштар футбол курама командалары (U-23) ортосунда эки достук оюн өтөт. Бул тууралуу Россиянын командасынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул беттешүүлдер командалардын окуу-машыгуу чогулушунун бир бөлүгү катары өткөрүлөт. Россиялык футболчулар Түркияга учуп кетүүдөн мурун бир аз кыйынчылыкка туш болушкан: биринчи рейс жокко чыгарылган, бирок акырында билеттер алмаштырылып, курама команда машыгууларга жөнөдү.
Ошол эле учурда Кыргызстандын негизги курама командасы өзүнүн окуу-машыгуу чогулуштарын Вьетнамда өткөрүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси маалымдады.
Вьетнамдын Намдин шаарында да Кытай Тайбэйи жана Вьетнам курамалары менен достук оюндар өтөт. Оюндор 13 жана 15-ноябрда VFF International Friendly Cup — 2026 эл аралык турниринин алкагында болот.








