Кой-Таш айылында 1000 адамды кабыл ала турган карылар үйүн 2027-жылдын жай мезгилинде ачуу пландалууда. Бул курулуш Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдын мурдагы резиденциясынын аймагында жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бексултан Токонов «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдирди.
Токоновдун айтымында, бул объект Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына мөөнөтсүз пайдалануу үчүн берилген. Карылар үйүнүн жанында бала бакча да курулууда, аны да 2027-жылдын жайында ишке киргизүү каралган.
Мурда Максим Бакиевге таандык болгон үй да социалдык максатта колдонулуп калган. Мамлекеттик менчикке өткөндөн кийин, ал жерде «Келечек» балдар реабилитациялык борбору түзүлгөн.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мүлктү башкаруудагы жаңы мамилени ишке ашырууда. Агенттик мүлктөрдү эсепке алуу, кайтаруу, сатуу жана ижарага берүү менен гана чектелбестен, аларды социалдык долбоорлор үчүн натыйжалуу пайдаланууну артыкчылыктуу деп эсептейт. Учурда мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо иштери жүрүп жатат жана реконструкциялоону же максатын өзгөртүүнү талап кылган объекттер аныкталууда.












