Кыргызстандын социалдык стационардык мекемелеринде карыган адамдар жана майыптыгы бар жарандардын жалпы саны 507ди түзөт. Алардын ичинен 248өө карыган адамдар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

507жалпы жашаган адамдар
248карыган адамдар

Азыркы учурда өлкөдө ушундай максаттар үчүн беш мекеме иш алып барат. Алар Төмөнкү Серафимовка, Сүлүктү, Бакай-Ата, Сузак жана Токмок шаарларында жайгашкан.

Жаңы интернаттын курулушу

Кой-Таш айылында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн аймагында, карыган адамдар үчүн 200 орундуу жаңы интернат курулууда. Бул жер азыркы учурда мамлекеттин менчигине өткөн. Курулуш иштери болжол менен 70 пайызга чейин аяктады.

Жеке пансионаттардын өсүшү

Ошол эле учурда өлкөдө карыган адамдарга кам көрүү кызматтарын көрсөткөн жеке борборлордун саны көбөйүүдө. Картографиялык кызматтардын маалыматына ылайык, Кыргызстанда болжол менен 20 ири жеке пансионат активдүү иш алып барат, алардын көбү Бишкек шаарында жана анын четинде жайгашкан.