Кыргызстандын биринчи улуттук кинофестивалы 12-декабрда Бишкекте өткөрүлөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу — Кыргыз кино ишмерлери союзу билдирди.

Конкурска улуттук баалуулуктар темасында тартылган, узундугу 60 мүнөттөн кем эмес жана эки сааттан ашпаган көрүнүшүүчү көркөм жана документалдык толук метралуу тасмалар кабыл алынат. Тасмалар 2025-2026-жылдары тартылган болушу шарт.

  1. 15-ноябрь

    Тасмаларды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү

  2. 21-ноябрь

    Шорт-листке кирген 10 тасманын тизмесин жарыялоо

  3. 12-декабрь

    Кинофестивальдин өткөрүлүшү

Жеңүүчүлөр беш номинация боюнча аныкталат: «Эң мыкты тасма» (Гран-при), «Эң мыкты режиссёр», «Эң мыкты сценарий», «Эң мыкты актёр/актриса» жана «Эң мыкты көркөм чеберчилик» (оператор, сүрөтчү, композитор). Жеңүүчүлөргө дипломдор, статуэткалар жана акчалай сыйлыктар берилет.

Катышуу үчүн уюштуруучулардын Facebook жана Instagram баракчаларындагы шилтеме аркылуу онлайн-билдирме толтуруу керек. Ошондой эле тасманын синопсиси, трейлери, режиссёрдун өмүр баянды жана көрүү шилтемесин берүү талап кылынат.