Кыргызстан QR-төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча Орто Азияда жана дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы позицияларга чыкты. Бирок санариптик технологиялардын тез өсүшү жаңы көйгөйдү — масштабдуу киберчабуулдарды жаратты. Бул тууралуу FinConference 2026 «Киберкоопсуздук, антифрод жана жасалма интеллект» конференциясынын алкагында Биринчи радиосуна Кыргызстан Банктар союзунун президенти Анвар Абдраев айтты.
Жакынкы убакытка чейин өлкөбүздүн финансы рыногу технологиялык жактан кошуналардан, анын ичинде Казакстандын банктарынан артта калуу менен көп сынга алынчу. Бүгүн кырдаал өзгөрдү: ELQR системасы Орто Азияда гана эмес, дүйнөлүк мейкиндикте да алдыңкы позицияларды ээлеп алды.
Банктар союзунун жетекчисинин айтымында, санариптештирүүнүн терс жагы — жарандар банктарга ишенип тапшырган каражаттарынын коопсуздугуна коркунуч жаралууда.









