Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык кеңешмеде мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча маанилүү көрсөткүчтөр талкууланды. Кабинеттин билдирүүсүнө ылайык, 2026-жылдын 10 айынын ичинде республикалык бюджеттин кирешеси 669,6 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч пландаштырылган суммадан 17,3 млрд сомго жогору болду.

Бюджеттин аткарылышы

669,6млрд сом (жалпы киреше)
102,7%пландын аткарылышы

Мамлекеттик салык кызматы жана бажы кызматы тарабынан чогузган каражаттардын бөлүштүрүлүшү төмөндөгүдөй болду:

Кирешелердин булактары

  • Салык кызматы288,5 млрд сом
  • Бажы кызматы155,6 млрд сом

Министрлер Кабинети

Кирешелердин булактары
Салык кызматы288,5 млрд сом
Бажы кызматы155,6 млрд сом

Министрлер Кабинетинин жетекчиси жылдын аягына чейин оң динамиканы сактап калуу, бюджеттик кирешелерди толук мобилизациялоо жана каражаттарды өз убагында натыйжалуу өздөштүрүү зарыл экенин белгиледи.

Ишкердик активдүүлүктүн өсүшү

Ошондой эле өлкөдөгү ишкердик активдүүлүктүн индексинин (PMI) өсүп жаткандыгы байкалууда. Гарантиялык фонд Финансы министрлиги менен биргеликте 1086 компаниянын өкүлдөрүннүн арасында изилдөө жүргүздү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, 2026-жылдын октябрь айында ишкердик активдүүлүктүн индекси 58,7 пунктту түздү. Бул көрсөткүч мурунку апрель айындагы 58,1 пунктка салыштырмалуу 0,6 пунктка жогору.

Адистердин айтымында, индекс 50 пункттан жогору болсо, бул экономиканын реалдуу секторунда өсүү процесси сакталып жаткандыгын билдирет. Изилдөөгө айыл чарбасы, соода жана башка тармактардын өкүлдөрү катышты.