Кыргызстандын энергия системасында өзгөчө учур байкалууда. Бир сутка ичинде электр энергиясынын керектөөсү 64 миллион киловатт-сааттан ашып кеткендиктен, тармактарды бекемдөө зарылчылыгы келип чыкты.
Учурда Бишкектин батыш тарабында электр тармактарын жаңылоо жана кубаттуу жабдууларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул модернизациялоо кышкы мезгилде электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилишин камсыздоо жана авариялык өчүрүүлөрдүн коркунучун азайтуу үчүн жасалууда.









