Өлкөдө жол тармагын өнүктүрүү боюнча маанилүү иштер жүрүп жатат. Акыркы бир жылдын ичинде Кыргызстанда болжол менен 2000 чакырымга жакын жол курулуп жана реконструкцияланып бүткөн. Бул көрсөткүч инфраструктураны жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев стратегиялык мааниге ээ болгон Барскоон — Бедель трассасынын курулушу тууралуу айтып берди. Бул долбоордун бүткөрүлүшү 2030-жылга чейин пландалып жатат.

Жол куруу тармагында каражаттарды үнөмдөө үчүн жаңы ыкмалар колдонулуп жатат. Атап айтканда, эски асфальтты кайра иштетүү технологиясы бюджетти үнөмдөөгө жардам берет деп белгиленди.

Ошондой эле кыргызстандык жол куруучу компаниялардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана инфраструктураны өнүктүрүү пландары талкууланды.